Гүлжигит Сатыбеков: «Бир үйдөн бир эле артист чыкканы жакшы»

«Атасынын ай кызы» берүүсүнө бул жолу биз Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековду Элайым жана Нурайым аттуу кыздары менен чакырдык. Конокторубуз бул видеомаекте ата менен баланын ортосундагы таттуу мамилени көрсөтө алышты.

Ырчы мырза алып баруучунун «кыздарыңыз ырдайм десе колдойсузбу?» деген суроосуна колдорун, бирок бир үйдөн бир эле артисттин чыкканы жакшы экенин айтты.

«Албетте, ырдайм десе колдойсуң, жол көрсөтөсүң. Бир үйдөн бир эле артист чыкканы жакшы. Нурайым сүрөт тартат, сүрөткө жакын. А Элайым ТикТок тартат», — деди ал күлүп.