Гүлжигит Сатыбеков: «Эмнегедир ошол жерге вай-фай деген сөз жармашып туруп алды»

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков менен ырчы Гүлсүн Бостонкулованын «Вауу» аталышындагы ыры коомчулукта талкууга түштү. «Гүлжигит Сатыбеков деңгээлин түшүрүп мындай ырды жазбай эле койсо болмок» деп көпчүлүк аны сынга алууда. Хайп жараткан ырдын жаралуу тарыхын өз оозунан угалы.

Аткаруучулардын айтымында, алар ырдын мындай болуп кетерин билишкен эмес. 3 жыл ошол ырдын 3 сабын оңдоого аракеттер болгон. «Бирок ошол жерге вай-фай деген сөз жармашып туруп алды. Бул өтө мааниси жакшы ыр. Азыр заман ошол интернет менен», — деди Сатыбеков.