Гүлжигит Сатыбеков «ушул ырды ырдап, деңгээлин түшүрбөй эле койсо болмок» дегендерге жооп берди

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков менен ырчы Гүлсүн Бостонкулованын «Вауу» аталышындагы ыры коомчулукта талкууга түштү. «Гүлжигит Сатыбеков деңгээлин түшүрүп мындай ырды жазбай эле койсо болмок» деп көпчүлүк аны сынга алууда.

«Эми элдин табитин табуу өтө кыйын. Жүрөктөн чыккан ырларды ырдай бериш керек го дейм. Мындай чыгармалар көп. Алар турат. Бирок ырдагандан тартынып жүрөм. «Туси-туси» деген да ыр бар. Ошону чыгаргандан уялып жүрөм. Эмнеге экенин билбейм. Мен салмактуу ырларды ырдап жүрүп, жеңил-желпи ырлар топтолуп калды»,- деди ал.