Гүлжигит Сатыбековдун кызы: «Классташтарым атамдын ырчы экенин билишпейт»

«Атасынын ай кызы» берүүсүнө бул жолу биз Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековду Элайым жана Нурайым аттуу кыздары менен чакырдык. Конокторубуз бул видеомаекте ата менен баланын ортосундагы таттуу мамилени көрсөтө алышты.

«Алгачкы ата болуу — бул керемет сезим. Бир чети чын эле ата болдумбу деп нес болосуң, ишенбейсиң. Мен 25 жашымда ата болдум. Кыз негизи атага жакын болот экен. Мен эркелеткенден, кыздарым эркелегенден тажабайт. Көбүнчө апасынын көзөмөлүндө», — деди ал.

Элайым классташтарына атасынын ырчы экенин айтпаганын айтты. «Менин атамдын ырчы экенин билишпейт, мен классташтарыма айтпайм», — деди кызы.