Гүлназ Чыныбек кызы: «Айылда мал кайтарганы чыкканда, отун тергени барганда кыйкырып ырдап, кыялданчумун»

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызынын сентябрь айына пландалган концерти Баткенге Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам токтотулганы маалым. SuperTV ырчы айымдын 8-ноябрга белгиленген тушоо концертине даярдык көрүү учурунан кызыктуу репортаж тартуулайт.

«Концертке даярдык жакшы болуп жатат. Ар түрдүү убарачылык бар экен, бирок эң негизгиси жоопкерчилик экен. Үйгө конок тосом дегенде бытырайсың да, концертке ошончо конок келет, анын ар биринин көңүлүн таап, жакшы узатып алсам деп жатам. Чоң команда, 6 бир тууганым иштеп жатат. Эң алгачкы жеке концертим болгон үчүн да толкундоо болуп жатат. 

Жагымдуу түйшүк тартып жатканыма да шүгүр. Кыял, аракетчилдик, көбүнчө алдыга, максатка кыял жетелейт экен. Айылда чоңойгом. Эгин-талаада, мал кайтарганы чыкканда, отун тергени барганда кыйкырып, ырдап кыялданчумун», — деди ал.