Гүлназ Чыныбек кызы кантип уурулукка шектелгенин айтып берди (видео)

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы SuperTV телеканалынын «Менин дүйнөм» берүүсүнө маек курду. Маек учурунда ал бир кезде уурулукка шектелип калганын айтат.

«Казакстанда соода кылып жүргөн кезде «Дордой» базарынан товар алып кетчүмүн. Бир жолкусунда шашып жатып, бир казак аялынын товарын кошо көтөрө кетиптирмин. Башка жактан товар карап жатсам, бирөө күтүүсүздөн билегимден тартып «ууруну кармадым!» деп кыйкырды. Коркуп да кеттим. Мени коё бербей «эч жакка кетпейсиң, товарымды кайтарып бер» деп бакырып, мени урушуп кирди. Өзүм шашып турганымдан мээме эч нерсе келбей, аны менен ошол товар алган контейнерге бардык. Ошол жердегилердин баары мени курчап калышты, бири мени түшүнүп, адашып алгандыр деп да айткан жок. Ага мен уурдаган жокмун деп түшүндүргөнгө аракет кылдым, болгон жок. Ошондо аябай ызаландым, көзүмдөн жашым бир токтосочу… Ак жеримден караланып калганыма, элге ууру көрүнүп калганыма жаман болдум», — деп эскерет ырчы айым.