Гүлнур Асанова: «Мени каралап жаткандардын артында ким турат, жакшы билем»

Жакында басылмалардын бирине ырчы Гүлнур Асанованын апасына байланыштуу маек орун алган. Айнагүл Самиева аттуу айым жолдошу, актёр Темиралы Маймашев аны 5 баласы менен таштап, Гүлнурдун апасы Жумагүл Асановага кетип калганын айтып арызданган. Ырчы айым SuperTV каналына маек берип жатып, муну ким уюштуруп жатканын билерин айтты.

«Айнагүл Самиева деген айымдын маегин угуп, жаман абалда калдым. Апам бизди ак мээнети менен бакты. Апамдын тарбиясы менен ушундай ийгиликтерге жетиштик. Муну ким кылып жатат, мени каралатып жаткандардын артында ким турат, жакшы билем. Мени буга чейин деле каралап жүрүшкөн, ага көнүп бүткөм. Ал адамдар мени ар жактан чукуп көрүштү, акыры талуу жеримден табышты окшойт… Апамдын дарегине айтылган сөзгө мен чыдап тура албадым», — деди Гүлнур Асанова. 

Темиралы Маймашев биринчи жубайы үйүнөн кууп чыккандан кийин Гүлнур Асанованын апасы менен таанышканын жана өзү үйүңө жашап турайын деп суранып жашап калганын айткан.