Гүлнур Асанованы гинекологго текшерткени тууралуу өгөй атасы: «Гүлнурдун апасынын алдында жүзүм жарык болсун дегем»

Ырчы Гүлнур Асанова апасы менен өгөй атасы режиссёр Темиралы Маймашов эмнеге эки жолго түшкөнүн жана эмне үчүн 13 жылдан бери андан кабар албай жүргөнү тууралуу SuperTV каналына маек учурунда баяндап берди.

«Бул кишинин мурунку жубайы бат-баттан келип ызы-чуу салып турат эле. Апам акыры тажады окшойт, 2000-жылдары, 6-7 жыл жашаган соң экөө эки ажырымга түшүштү. Андан кийин мен мектепти бүтүп Бишкекке келе бердим. Кийин «Кылмыш» деген тасмага Келсинбек Атабеков продюсерлик кылып, ошол аркылуу тасмага тартылууга чакырышып, тартылдым. Андан соң «Туңгуюк», «Күзгү жалбырак» тасмасынын жыйынтыктоочу сериясын, «Табышмактуу тагдырлар» тасмасын тартабыз деп ал жакка чакырышты. Ал учурда бул киши Рахат деген айымга үйлөнгөн болчу. Тасманы тартып бүтүрүп салалы деп мени чакырышканынан Рахат айымдын үйүндө чогуу жашап калдым.

Бир жолу Рахат айымдын 2 сиңдиси мен жөнүндө ушак сүйлөп жатышканын угуп калгам. Анда мени бирөөлөр менен жакын мамиледе болду деген абийир темасындагы сөздөр бар болчу. Мен эмнегедир бул киши тараптан «Эй, сөзүңөрдү токтоткула! Ушак айтпагыла!» деген сөздү күткөм. Антпей койду. Эртеси Рахат айым, бул киши үчөөбүз гинекологго бардык. Текшерүүдөн чыкканда Рахат айым «жөн эле койсоң болмок, кызың таптаза экен» десе, бул киши мени «капа болбо» деп бооруна кыскан. Ошол жерден ызаланып ыйлагам. Ал уйдө жашагандардын баарына таза экенимди далилдеп, эртеси кийимдеримди чогултуп эжемдикине кетип калгам. Ошондо таарыныч болуп, ошол боюнча кабарлашпай койдум. Ызамды ичимде сактап келгем», — деген Гүлнур Асанова.

Ал эми Темиралы Маймашев эмнеге андай ишке барганын төмөнкүчө түшүндүрдү: «Ошондо бири-бирибизди таарынычка алып келген ушундай жагдай жаралганы чын. Гүлнурду гинекологго текшерткеним себебим, мен апасына отчёт беришим керек. Ошон үчүн мен аларды кошо алып баргам. Гүлнур мени атайын кылды деп туура эмес түшүнүп, жаман көрүп жүрдү. Негизгиси, менин Гүлнурдун апасынын алдында жүзүм жарык болду. Анткени айрым массалык маалымат каражаттарында Гүлнур экөөбүздү мамилелеш деген да ушак чыгарып жиберишкен эле».