Гүлнур Сатылганова сиңдиси Венера Сатылганованы оригиналдуу куттуктады (видео)

Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова бир тууган сиңдиси актриса, ырчы Венера Сатылганованы туулган күнү менен куттуктады.

«Бактылуу бол, бекем ден соолукта болуп, үй-бүлөң менен аманчылыкта узун өмүр сүр. Башыңа түшкөн оор сыноодон сынба, сен күчтүүсүң, жалгыз эмессиң. Биз сени жакшы көрөбүз. Алдыда сени жакшы жаңылык, чоң сүйүнүч, бакыт, чоң ийгилик, сонун күндөр кутүп турган болсун. Кудайым колдоп, уулуң сакайып кетсин», — деп жазды ырчы айым.

Венера Сатылганова 1971-жылы 9-апрелде Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган.