Кыргыз Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова «Даңк» ордени менен сыйланды

Ош облустук филармониясынын директору, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова «Даңк» ордени менен сыйланды.

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн төмөнкү жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.