Гүлшайыр Садыбакасова министрдин кеңешчиси болуп дайындалды

Ош филармониясынын жетекчиси кызматынан кеткен Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова маданият, спорт жана жаштар саясаты министринин түштүк региону боюнча маданият тармагындагы коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды.

Буга чейин маданият министри Алтынбек Максутов SuperTV телеканалына маек берип жатып Гүлшайыр Садыбакасованын жогорудагы кызматка келери тууралуу айткан эле.