Гүлшайыр Садыбакасова: «Ошто унаа алган экинчи аял мен болгом»

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасовага кызы Сайкал Садыбакасова жакында Lexus 570 үлгүсүндөгү унаа белек кылган. Гүлшайыр айым белекке алган унаасы менен тааныштырып, жакында той күтүлүп жатканын кабарлады.

«Алгачкы унаамды 1984-жылы сатып алгам. Жигули үлгүсүндөгү унаа болчу. Ал учурда базардан унаа сатып алуу мүмкүн болчу, бирок жаңы унаа жетекчиликтин чечими менен гана алынчу. Ал учурда атам мыкты иштечү. Анан атама унаа сатып алууга мүмкүнчүлүк берген документ берилиптир. Атам «мен унаа минбейм, кереги жок» деп кошуна жашаган агабызга берип коюптур. Аны угуп мен «учуп» бардым. Барсам чечимди чаң басып жатыптыр. Анан акчабызды санасак жетпейт, карыздап алып, 5300 сомго унаа алганбыз. Атам унааны мага таштап кетет деп кымыңдап жатсам, «айдоочулук күбөлүк алганда берем» деп айдап кетип калды. 3-4 айдан кийин 1985-жылы күбөлүк алып, унааны айдап келгем. Ошол жылы Ошто экинчи аял болуп мен унаа миндим»,— деди ал.