Гүлсина Чотонова: «Балдар атасын жоктоп, жууркан алдында ыйлашат. Ошол менин жанымды жанчып жатат»

«Карагыз» тасмасы аркылуу коомчулукка таанылган актриса Гүлсина Чотонова 20 жылга чукул чогуу түтүн булаткан түгөйүнөн айрылып кабыргасы кайышып турган чагы. «Жолдошум кызымды мектепке жеткирип келгенде күтүүсүздөн жыгылып, ошол боюнча кайрылбас сапарка кете берди», — деп актриса өмүрлүк жарын эскерет.

«Баланы укмуш карачу, боорукер эле. Үйдө эң кичүүсү болуп, эжелеринин балдарын караган экен. Кыз киши атасына жакын болот тура. Кызым көтөрө албай, аны азыркы абалдан алып чыгуу мага өтө оор болуп жатат. Күйүт жаман тура, аны көтөрө билүү керек экен. Мен балдарым кичинекей деп карманып жатам. Күндүз ойноп жүрө беришет. Кечинде башталат. Ар бири жууркан алдында ыйлашат. Кой десең укпай. Ошол нерсе жанымды жанчып жатат», — деди ал жолдошун эскерип.