Гүлсина Чотонова: «Катар-катары менен келген кайгы көзүмдү ачып койду»

«Карагыз» тасмасы аркылуу коомчулукка таанылган актриса Гүлсина Чотонова 20 жылга чукул чогуу түтүн булаткан түгөйүнөн айрылып кабыргасы кайышып турган чагы. «Жолдошум кызымды мектепке жеткирип келгенде күтүүсүздөн жыгылып, ошол боюнча кайрылбас сапарка кете берди», — деп актриса өмүрлүк жарын эскерет.

«Азыр жолдошум Түркияда жүргөндөй, бир күнү келчүдөй сезиле берет. Кудай пендесин кыйынчылыкка даярдайт окшойт. Бул жолкусунда башкача сезимдер болду. Быйыл мүчөл жылым, мен өзүм кетем деп ойлогом. Катар-катары менен келген кайгы көзүмдү ачып койду»,- деди ал.