Гүлсина Чотонова: «Күйөөм күтүлбөгөн жерден каза болду»

«Карагыз» тасмасы аркылуу коомчулукка таанылган актриса Гүлсина Чотонова 20 жылга чукул чогуу түтүн булаткан түгөйүнөн айрылып кабыргасы кайышып турган чагы. «Жолдошум кызымды мектепке жеткирип келгенде күтүүсүздөн жыгылып, ошол боюнча кайрылбас сапарка кете берди», — деп актриса өмүрлүк жарын эскерет.

«Мен үчүн абдан оор жоготуу. Үй-бүлөмдүн жарыгы, менин жанымдын жарымы. Уул көрдүк, кыз көрдүк. Мен аял катары бакыттын сересине жеттим. Бакыт кыска болот. Жаш өмүрдүн кеткени, бадам гүлдөй сезилди. Тандап алган жарың менен өмүрүң өткөнчө бирге болсом дейсиң, бирок мага тагдыр ошол бакытты буйруган жок. Телефонумду ачкандан заарканып калдым. Өзүмө өзүм кайрат алып келем. Жолдошумдун жаш кеткени сабак болду окшойт. Эч жери ооруган жок. Оору ошондой экен. Эртең менен мектепке жеткирем деп эле кулап, комага түшүп калды. Кудай деген сурабайт экен да. 5 күн комада жатты»,— деди ал.