Гүлзада Рыскулова фестивалда казакстандыктарды таң калтырды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова Алмата шаарында өткөн дүйнөлүк «The spirit of Tengri» фестивалында Кыргызстандын атынан катышты.

Маалыматка ылайык, аталган фестиваль казакстандык белгилүү медиаменеджер Батыр Казыбаевдин урматына уюштурулган. Анда Түркия, Испания, Өзбекстан, Венгрия жана башка өлкөлөрдөн өзгөчө өнөр ээлери чыгармачылыгын тартуулаган.

Ырчы айым фестиваль тууралуу «Ар бир өлкөнүн музыканттары эч кандай даярдыксыз сахнага чыгышып, ортодон чыгарма жараттык» деп билдирди. Фестивалга Кыргызстандын атынан виртуоз музыканттар менен кошо Гүлзада Рыскулова этно рок багытында айтылуу төкмө Арстанбек Буйлаш уулунун «Санат» ырын жана «Балбандар» аттуу манасчы Рыспай Исаковдун сөзүнө таандык чыгармаларды жандуу аткарып, катышуучулардын арасынан өзгөчө баага татыды.