Гүлзат Байзакованын уулу баштаган «Кайрос» тобу Орусиядагы сынакка катышып жатат (видео)

Гүлзат Байзакованын уулу Камбар баштаган «Кайрос» тобу Орусиядагы «Битва каверов» эл аралык сынагына катышып жатат. Мындай кабарды ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Урматтуу достор! Мен сиздер менен эң сонун жаңылык менен бөлүшкөнгө убакыт келди. Өзүңөр билгендей, балдарым да профессионалдуу музыканттар. Уулум Камбар баш болгон «Кайрос» тобу СТС телеканалында көрсөтө турчу «Битва каверов» деген масштабдуу телесынакка катышып жатышат. Кыргызстаныбыздын атын чыгарып, намысын коргоп жаткан азаматтарыбызды көрүп, колдоп коюңуздар. Кудай буюрса үмүтүбүздү акташат деп ишенебиз!» — деп жазды ал.

Сынакта баш байге 5 миллион рубль. Сергей Жуков менен Клава Кока туруктуу калыс болот. Ал эми үчүнчүсү жылдыздардан тандалып турат. Сынак көгүлтүр экранга 24-марттан тарта чыга баштайт.