Ырчы Гүлзат Байзакованын уулу кесиптешинин колун сурады

Ырчы Гүлзат Байзакованын уулу, “Мурас” фольклордук ансамблинин солисти Эмил Ишен өзүнүн кесиптеши, тагыраагы аталган топтун солисти, комузчу Айсаана Оморованын колун сурады. Бул тууралуу комузчу социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.

Бул мен үчүн аябай жагымдуу болду. Анын сунушуна менде “Макулмун!” деген бир гана жооп бар болчу.  Себеби менин жүрөгүм мен издеген адам сен экенин 10 жыл мурун жаңы таанышканыбызда эле сезген. Таң калычтуусу, мен өзүмдүн сезимиме ишенип, жүрөгүмдүн түпкүрүндө сактап келгем. Жылдар өттү, биз чоңойдук, чогуу музыка ойнодук, бири-бирибизди таанып, бара-бара сүйүү жаралды. Кудайга ыраазымын, биздин сүйүүбүз көп жылдардын ичинде сыйлоого жана түшүнүүгө алып келди. Эми алдыдагы жашообуз кызыктуу жана бактылуу болушуна ишенем”, — деп жазган ал.

Буга чейин чыгармачыл жаштардын ата-энелери сүйлөшүп, той июнь айына белгиленген.