Гүлзат Мамытбек: «Абак күчтүү инсандар үчүн сонун сыноо экен»

Мен ошондой эле дем берүүчү, шыктандыруучу, мотиватормун. Бул тууралуу блогер Гүлзат Мамытбек SUPERTV каналына маек берип жатып билдирди.

«Күчтүү инсандарга күчтүү сыноолор болот экен. Күчтүү инсандар үчүн абак сонун сыноо экен. Анын өзгөчө сүрү бар. Махатма Ганди түрмөдө отуруп чыккан. Азыркы президент Садыр Жапаров отуруп чыккан. Түркиянын президенти да отуруп чыккан. Сталин, Ленин, Тайсон жана башкалар. Чоң максат койсоң, чоң түйшүк болот экен. Ансыз болбойт экен. Же сен акырын бурчта отура бер же, «Кыргызстан 1-орунда болот деген» сайын түйшүктөр басат экен»,- деди ал.