Гүлзат Мамытбек аны ыйлаткан уюштуруучулар кечирим сураганын айтты

Кечээ, 19-сентябрда блогер Гүлзат Мамытбек социалдык тармактагы баракчасына ыйлаган видео жүктөдү. Анда ал иш-чарада сүйлөп жатканда анын микрофонун өчүрүп салышканын айткан.

Ал ошол эле күнү видео жүктөп, кыргыз элине, катталуучуларына ыраазычылык билдирип, уюштуруучулар кечирим сураганын билдирди.

«Ыраазымын, боорлорум. Садаган кетейин кыргыз элим. Сүйүнүп ыйлап жатам. Уюштуруучу Азамат Кылычев кечирим сурады. Ыймандуу жакшы бала экен. Мен чын жүрөгүмдөн кечирдим. Ар бир адам катачылык кылганга укугу бар. Бирок ал катаны оңдоп кетүү керек. Бир-бирибизди кечирип, кайрымдуу бололу. Пайгамбарыбыз дагы кечиримдүү болгон экен», — деп жазды ал.