Гүлзат Мамытбек: «Автозакта гимн ырдап кетип бара жаттым»

Автозакта эшикти карап, гимн ырдап кетип бара жаттым. Карасам сыртта кишилер баштыктарын көтөрүп алган… Түрмө алардын аң-сезиминде жүрөт. Бул тууралуу блогер Гүлзат Мамытбек SUPERTV каналына маек берип жатып билдирди.

«Соолуп калган эжелерди менин камерама алып келип «ушул эжени карап коюңузчу» деп таштап кетишет. Мен аларга мотивация берип жаттым. Алар башын көтөрүп калышат. Биз бетибизге кам көрүп, маска кылып отурдук. Мен кетип жатканда «сагынабыз» деп ыйлашты»,— деди ал.