Гүлзат Мамытбекти ыйлаткан окуя. Микрофон эмне үчүн өчүрүлгөн?

Кечээ, 19-сентябрда блогер Гүлзат Мамытбек социалдык тармактагы баракчасына ыйлаган видео жүктөгөн. Анда ал иш-чарада сүйлөп жатканда анын микрофонун өчүрүп салышканын айткан эле.

Ал ошол эле күнү видео жүктөп, кыргыз элине, катталуучуларына ыраазычылык билдирип, уюштуруучулар кечирим сураганын билдирген болчу.

Соцтармакта блогер Гүлзат Мамытбек ыйлаткан окуяда микрофон өчүрүлгөн учур тартылган видео тарады.