Гүлзинат Суранчиева Москвада өткөн сынакта 1-орунга ээ болду

Гүлзинат Суранчиева Musica classica эл аралык сынагында «Соло фортепиано» номинациясында 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Сынак 24-30-ноябрда Москва шаарында өтүп жатат. Бул сынак 2022-жылдын 24-30-ноябрында бардык аткаруучулар үчүн бир турда өткөрүлөт. Катышуучу сынакка бир нече номинациялар боюнча катыша алат. Сынактын катышуучуларынын өнөрлөрүн музыкалык окуу жайлардын чакырылган музыканттарынан жана профессорлорунан турган эл аралык калыстар тобу баалайт.

Сынакка КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн музыканттары катышты.