«Хейтерлерге «вызов». Гүлназ Чыныбек кызы тазалыкчы айымдарды чайга чакырат

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы тазалыкчы айымдарга гүл берип, көңүлүн көтөргөн видео менен бөлүшкөн. Көп өтпөй “Туулган күнгө келген гүлдү берип койду да”, “Гүл не соолуп калат, андан көрө тамак бербейт белең», “Гүлдөн көрө акча бер”, “Гүл таштандыга кетет, пайдалуу нерсе бербейт белең” деген пикирлер жазылды.

«Ооба, туулган күндөгү гүлдөрдү бердим. Тамак же акча бергидей эжелер эмне тилемчи беле? Гүл — бул көңүл! Хейтерлерге «вызов». Келгиле, бир күнү чогулуп, тазалыкчы эжелерге чай уюштурабыз, аларды дасторконго отургузуп коюп, өзүбүз алардын бир күндүк жумушун аткарабыз. Эч нерсе алып келбей эле өзүңөр келгиле, калганын өзүм уюштурам», — деп жазды ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ырчы айым менен байланышканыбызда, бул ойду хейтерлер эмес, күйөрмандары колдоп, чалып жатышканын айтты. Ырчынын айтымында, алардын катарына каалаган бардык жарандар кошулса болот.