«Хүрремдин ролу мага буюрганына кубанычтамын». Мерьем Узерли SUPERTV’нын кабарчысынын суроосуна жооп берди

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкекте түрк актрисасы Мерьем Узерлинин катышуусунда Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы долбоордун бет ачары өтүп жатат. Маалымат жыйында актриса журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Сиздин дүйнөгө белгилүү болгон образыңыз — Хүрремдин ролу боюнча суроо бергим келип жатат. Кайсы жерге барсаңыз да, ушул образыңызга кызыгышат. Сиз таланттуу актриса катары мындан башка көптөгөн образ жараткансыз. Бул жагдай сизди актриса катары капалантпайбы? Мындан кийинки жараткан ролдоруңуз көмүскөдө калып жатат»,- деп сурады SUPERTV телеканалынын журналисти.

Журналисттин суроосуна ал төмөнкүчө жооп берди. «Тескерисинче, мени бул образ менен байланыштырып жатышканы мен үчүн сыймык жана бул мени дайыма кубандырат. Мен бул ролду ойной элегимде, театрда 10 жыл иштедим. Өзүңөр билгендей, бул сериал 2011-жылдан 2014-жылга чейин тартылды. 10 жыл өттү, кайда жүрсөм да, мени ушул роль менен байланыштырып келишет. Бул чоң масштабдагы долбоор болуп, сериал көптөгөн өлкөлөргө сатылды. Аталган долбоор мени учурдагы адам кылды. Башка ролдорум белгилүү болушу үчүн убакыт керек. Хүрремдин ролу мага буйруганына кубанычтамын. Аны ойноо мага жеңил болгон жок. Ушул ролдун аркасы менен сиздер менен жолугуп жатам», — деди актриса.