Ибадылла Ажибаевдин “Мугалим” даректүү тасмасы Анкарадагы кинофестивалда баш байгеге ээ болду

Режиссёр Ибадылла Ажибаевдин “Мугалим” даректүү тасмасы «Анкара» эл аралык кинофестивалында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 27-январда Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө тасма жаратуучуларды сыйлоо аземи өтүп, режиссерго баш байгени Түрк мамлекеттер Кеңешинин Генералдык секретарынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Султан Раев тапшырды.

Ал эми министр Нуржигит Кадырбеков жеңүүчүлөрдү куттуктап, кино ишмерлерине чыгармачылык ийгилик каалап, кыргыз киносунун өнүгүп өсүшүнө аны даңазалоого бар аракеттерди көрөөрүн билдирди.

Буга чейин да режиссёрлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун “Акыркы көч” толук метраждуу көркөм тасмасы Даккадагы Эл аралык кинофестивалында баш байгени жеңип алган.
Ал эми, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Артык Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасы Калькуттадагы 26-эл аралык кинофестивалынын “Эн мыкты режиссура” сыйлыгына ээ болгон.