Ибрагим Жунусов: «Өзүм атасыз чоңойгондуктан Эламанды дайыма жанымда ээрчитип жүрчүмүн»

Бул жолу биз Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ибрагим Жунусов менен “Ностальжи” берүүсүндө сүйлөштүк. Ал чыгармачылыкка жасаган алгачкы кадамдары, айтылуу “Эламан” ырынын жаралуу тарыхы, чыгармачыл жолундагы кызыктуу окуялар, ал жараткан ырлар тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

«Эламан менин көптөн күткөн балам болчу. Удаасынан кыздуу болдум. Эламан 1990-жылы мартта төрөлдү. Кышында эле Ош окуясынын болору айтылган. Ошондо эле уул төрөлсө атын Эламан коём дечүмүн. 4-июнда «элим аман болсун деп, атыңды койдум Эламан» деген саптар 4-июнда келген. Кийин 1993-жылы обону менен тексти даяр болгон. Өзүм атасыз чоңойгондуктан Эламанды дайыма жанымда ээрчитип жүрчүмүн», — деди ал.