Ильяз Абдыразаков: «Көрүнбөй кеттиң» дегендер көп. Тойго басым жасап кеттим»

6-классында сахнага аттанып, учурда белгилүү ырчы, аранжировкачы катары таанымал Ильяз Абдыразаков Toyota Camry үлгүсүндөгү унаасы менен тааныштырды. «Жылына эки ирет унаа алмаштырам» деген Ильяз мырза кыялындагы унаага жете электигин айтат.

«Унааны бат-баттан алмаштырып турам. Мен бийик унааларга жакынмын, андайлар да болгон. Бирок анын чыгымына да чыдабай кеттим. Анткени азыр шаардан четирээк турам. Кыялымдагы унаалар көп. Бардык үлгүдөгү унаалар жагат», — дейт ал.

Ал ошондой эле чыгармачылыгы тууралуу кеп кылды. «Көрүнбөй кеттиң дегендер көп, азыр тойго басым жасап кеттим. Бирок жаңы ырларды чыгарууга аракет кылып жатам», — деди ырчы мырза.