Ильяз Абдыразаков: «Мени элге «Арманым» деген ыр тааныткан»

6-классында сахнага аттанып, учурда белгилүү ырчы, аранжировкачы катары таанымал Ильяз Абдыразаков Toyota Camry үлгүсүндөгү унаасы менен тааныштырды. «Жылына эки ирет унаа алмаштырам» деген Ильяз мырза кыялындагы унаага жете электигин айтат.

«Мени эң  биринчи сахнага алып чыккан ыр «Арманым» болду. Ошол ыр менен Хит парадда биринчи орундарды багындырдым. Ушул ыр менен элге таанылдым. Бирок ар бир ырым жемишин берди»,- деди ал.