Кечээ, 23-апрелде Спорт ордосунда “Интервидение-2025” эл аралык музыкалык сынагына улуттук тандоо туру болуп өттү. Сынактын жыйынтыгында “Номад” триосу жеңүүчү деп табылды. Трионун курамында Бек Исраилов, Миңжашар Мурзаев жана Азат Раимбердиев бар.
Улуттук тандоо туру концерттик шоу форматында өтүп, ага 14 аткаруучу катышып, 12 музыкалык номер көрсөттү. Жеңүүчүлөрдү Кыргызстандын белгилүү артисттеринен жана музыка чөйрөсүндөгү кесипкөйлөрдөн турган калыстар тобу аныктады. Калыстар тобунун төрагасы Маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков болду.