Искусство университетинин ректоруна талапкер болгон Самат Көчөрбаев: «Мындай жагымсыз окуя акыркысы болушун тилейм!»

Түмөнбай Колдошов искусство университетинин ректору болуп дайындалды. Ал сынактан жеңгенин айтып, буйрук чыкканын билдирген. Ошол эле учурда ректорлукка талапкерлигин коюп, өтпөй калган комузчу Самат Көчөрбаев социалдык тармактагы баракчасына пост жазды:

«Биздин окуу жайга байланышкан маселеде кайдыгер карабастан социалдык тармак аркылуу ар бириңиздер өз чындыгыңыздарды айтып жатканыңыздар жакшы, бирок айрым учурда бир жактуу пикир, ашыкча талашып-тартышканыңыздар баарыбызды оңтойсуз абалда калтырды. Ректорлук кызмат үчүн өткөрүлгөн сынакка окуу жайыбыздын атынан адистиги, кесиби, тажрыйбасы толугу менен квалификациялык талаптарга жооп берген, университеттин проректору, ректордун милдетин аткаруучу, педагогика илимдеринин кандидаты, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, менеджер Түлөбердиев Калыбек Кемелович, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, композитор Мырзали Жээнбаев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, музыка факультетинин деканы, мен Көчөрбаев Самат Батыркулович катышып, «сынактын» жыйынтыгы менен үчөөбүз экиден упай алып, жалпы эсептегенде алты упайдын тегерегинде топтоптурбуз. Ал эми филология илимдеринин кандидаты Түмөнбай Колдошов мырза жалгыз өзү жети упайга жакын алган экен. Ушундан улам комиссияга ишенбөөчүлүк жаралып, адилет чечимди талап кылган жамаат бир муштумдай биригип, элге кайрылуу жасап, пикир билдирген эле. Ушундай эркин ой жүгүртө алган ынтымактуу жамаатыбыз менен сыймыктанам жана алкыш айтам! Сиздер да биздин жамааттын ачык пикирин туура түшүнүңүздөр.

Бүгүн жаңы ректор Түмөнбай Колдошовду окуу жайыбызга алып келип, тааныштыруу учурунда эки министрликке, тандоо комиссиясына жана Түмөнбай мырзанын өзүнө жамааттын атынан ачуу сын айтылып, жыйын үч саатта аяктады. Демократиялуу коомдо маданият тармагындагы ар бир айтылган чындыкты туура түшүнүп, туура кабылдоого үйрөнүшүбүз абзел. Жыйынтыгында, жаңы окуу жайдын ректорун жамаатка тааныштырып, дайындап кетишти. Сөзүмдүн аягында айтарым, маданият тармагынын жетекчисин жогору жактын кийлигишүүсү менен дайындаган ушундай жагымсыз окуя акыркысы болушун тилейт элем! Ошол эле учурда Түмөнбай мырзанын ишине ийгилик каалап, окуу жайдын келечеги үчүн жалпы жамаат ар тараптан жардам беришибиз керек деп эсептейм. Түмөнбай мырза менен мындан ары жамааттын ынтымагын туу кармап, бардык маселени ачык-айкын сүйлөшүп чечерибизге терең ишенем!

Мындан тышкары социалдык тармак аркылуу менин да жеке талапкерлигимди толугу менен колдоого алып, ишеним артып, пикир билдиргендерге жана мен үчүн атайын пост жазып, өзгөчө каалоо-тилектерди айткан жалпы эле интеллигенция өкүлдөрүнө чын ыкласымдан ыраазычылык билдирем! Өзүм тууралуу айтсам, чыгармачылык, педагогикалык, илимий, жетекчилик ишмердигим Кудай буюрса, мындан ары да толугу менен өз нугунда уланат», — деп жазды ал.