Италиялык популярдуу ТикТокер Бек Борбиевдин «Балдызына» жетти :) (видео)

Кыргыз ырларына күн сайын ашыктыгы артып бараткан италиялык популярдуу ТикТокчу Алессандро Карузо Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бек Борбиевдин чыгармачылыгына видео тартууга киришти. Акыркы жолу Карузо Бек Борбиевдин «Балдыз» ырын аткарып, ырчы мырзаны баракчасына белгилеп, ырдын аталышын да жазып койгон.

Андан сырткары популярдуу ТикТокчу SUPERTV каналына чыккан ал тууралуу кабарлар менен Инстаграм баракчасына бөлүшүп, кыргыз элин, тилин дүйнөгө таанытып жаткандыгы кубандырбай койбойт.