Италиялык ТикТокер Алессандро Карусо: «Кыргызстанга бир күнү сөзсүз барам» (маек)

Кыргыз ырларын ТикТок баракчасына чыгарып коомчулукта популярдуулугу арткан италиялык ТикТокер Алессандро Карусо SUPERTV каналына эксклюзивдүү маек берди.

Мен Алессандро Карусо, Мен 44 жаштамын. Апамдар менен биргеликте кийимдер дүкөнүн иштетебиз. Пандемия учурунда бардык жак жабылып, жумушсуз отуруп калганда ТикТокко видеолорду тартып баштагам.

Өзүм дүйнө элинин ырларын укканды жакшы көрөм. Бир ирет өзгөчө ыр угуп калдым. Кайсы элдики болду экен деп издеп отуруп Кыргызстандыкы экенин билдим. Негизи эле мен кайсы ыр жакса, ошол элдин маданиятына кызыгып, өлкө жөнүндө маалыматтарды окуп чыгам. Ошол алгачкы ырдан кийин Кыргызстанды таанып баштадым. Кыргыздын ырлары керемет. Келечекте Кыргызстанды көрүү үчүн барууну пландап жатам», — дейт Карусо мырза.