«Жайлоодон бошобойбуз». Ырчы Айпери Кубик кызы жайлоодон бизнес ачты

Ырчы Айпери Кубик кызы жайлоого чыгып, жаңы бизнести баштаганын маалымдады.

«Ошентип жайлоого да көчүп келдик. Бир бизнес кылалы да. Артыбыздагы биздин майда-чүйдө оокаттарыбыз жана биздин турак жай комплексибиз. Саамал, кымыз, сүт, сүзмө, айран, каймак керек болсо айткыла, ээ? Баса, жолдошумду сурагандар, мына ушинтип эле жүрөбүз. Кайната, кайненемдер көп болду Стамбулга көчүп кетишкен. Азырынча жайлоодон бошобойбуз», — деп жазган ырчы айым.