«Жайында кино тартам». Борончу Кудайбергенов диплом алды

Куудул Борончу Кудайбергенов Искусство университетинин Режиссура бөлүмүнүн телекөрсөтүү жана радио берүү программаларыны режиссеру, педагог магистрдик дипломун алды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигини куттуктап байланышканыбызда маалым болду.

«Дипломду Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинин ректору Түмөнбай Колдошов тапшырды. Бул магистрдик диплом. Кино, ролик тартып жүрөм, ошондон улам окуп, дипломдуу адис болдум. Буюрса, жайында кино тартам», — деди ал.

«Диплом боюнча педагог да экенсиз, алдыда студенттерге сабак берүү планыңызда барбы?» деген суроого «жок, мугалим болуу планымда жок» деп жооп берди.