«Жакшы болуп баратам деген…» «Серенада» ыры менен белгилүү болгон ырчы Жамал Абдукеримова көз жумду

Бүгүн, 2-июнь күнү калың журтка «Серенада» ыры менен белгилүү болгон Жамал Абдукеримова 41 жашында каза болду. Чыгармачыл жолдо чогуу иштешкен ырчы Замир Мырза маркумду СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине эскерди.

«Биз 2000-жылы Бишкекте өткөн «Ала-Тоо жазы» деген студенттик фестивалда таанышканбыз. Ал ЖАГУдан, мен ОшГУдан барган элем. Сахнадан тапкан эжем катары жакшы катышып, ыр жаздырып, чогуу ырдап калдык. «Серенада» деген ыры чыкты, бирок андан сырткары дастандарды да комуз менен сонун аткарчу. Кийин Бишкекке келди, андан кийин Түркияга көчүп кеткенин уктум, ошол боюнча байланышыбыз үзүлүп калган.

Бир күнү Медер деген иниси «Жамал эжем ооруп, каражат топтоого жардам бере аласызбы?» дегенинен кошо кайгырып, колумдан келген жардамымды бергем. Ошондо Жамал эже менен телефон аркылуу байланышкан элем. «Буюрса, жакшы болуп баратам» деп кубанткан эле. Бүгүн эженин көз жумганын угуп ишене албай кабыргам кайышып отурам», — дейт Замир Мырза.

Жамал Абдукеримова 1981-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарында төрөлгөн. Сөзү, обону акын, жазуучу атасы Садыралы Абдукеримовго таандык «Серенада» ырын 2005-2006-жылдары аткарып чыгып, популярдуу болгон. Кийинчерээк сахнадан алыстап, үй-бүлө куруп кеткен. Мындан 2 жыл мурун ырчы айым боор циррозу менен жабыркап, операцияга муктаж болуп жатканы маалымдалган. Элдин жардамы менен операцияга каражат чогултулганы менен тилекке каршы Жамал Абдукеримова 41 жашында көз жумду.