“Жакында той”. Ассоль Молдокматова сүйүктүүсүн ачыктады

Коомдук ишмер, алып баруучу Ассоль Молдокматова жакында турмушка чыга турганын жарыялады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Биз бактылуубуз. Болочоктогу жолдошум Бекназар Жамангараев экөөбүздүн сүйүүбүз, үмүтүбүз чоң. Жакында той”, — деп жазды ал.

Ал эми анын сүйүктүүсү да социалдык тармактагы баракчасына: “Мен жана сүйүктүүм Ассоль Молдокматова. Биз бактылуубуз, сүйүүгө, кыял-үмүттөргө толуп турабыз. Биздин сүйүүбүз баарын жеңерине ишенем!” — деп жазган.

Кошумчалай кетсек, кечээтен бери социалдык тармактын колдонуучулары арасында Ассоль Молдокматованын мурунку жолдошу, спортчу Алмазбек Раимкуловдун алып баруучу тууралуу айткан сөзү талкууга алынып жаткан.