Жалал-Абад облустук филармониясы Бишкекте алгачкы отчёттук концертин тартуулады

Кечээ, 24-ноябрда Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясы өз тарыхында биринчи жолу Бишкекте «Улут уңгусу» деп аталган отчёттук концертин шаар тургундарына тартуулады. Концерт Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында өттү.

Концерт жандуу үн менен өтүп, филармониянын алдында түзүлгөн «Мөлмөл» фольклордук-этнографиялык оркестринин, «Кылым мурасы» кернейчилер тобунун коштоосунда фольклордук, эстрадалык, сатиралык, бий топтордун аткаруусундагы ар кандай жанрдагы чыгармалар жаңырып, Кыргыз Республикасынын эл артисттери Арзыбек Бедияров, Шахра Талипова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Анарбай Райымканов, Токтомурат Осмоналиев жана башка таланттар, ошондой эле өсүп келе жаткан таланттар өнөрлөрүн тартуулашты.

Аталган концерт президент Садыр Жапаровдун «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыгын колдоо максатында ошондой эле Маданият министрлигинин демилгеси менен башталган «Театрлар эл аралайт» долбоорунун алкагында уюштурулду. Буга чейин облустук филармониянын артисттери Ош жана Баткен облустарында чыгармачылык гастролдо болушкан.