Жалал-Абаддагы филармониянын жетекчиси болуп дайындалган Эмил Балтагуловдун өмүр баяны

Жалал-Абад облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын директору болуп Эмилбек Балтагулов дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койду.

Эмилбек Балтагулов буга чейин Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын директору болуп иштеп келген.

Ал 1981-жылы 28-сентябрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында туулган. Үй-бүлөлүү. 1999-2004-жылдары Ош Мамлекеттик университетинин искусство факультетинин музыка бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2004-2007-жылдары Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде окутуучу. 2010-2011-жылдары Чаткал районунун Терек-Сай айылынын маданият үйүнүн көркөм жетекчиси болуп иштеген.