Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматованын эстелиги орнотулду (сүрөт)

Кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованын эстелиги орнотулду.

Эстеликтин ачылышында «Кыргыз керемети» аталган кыргыз кинолорунда бир катар ролдорду зор чеберчилик менен аткарып, кыргыз кино жаатын өнүктүрүүгө кошкон салымы, бүтүндөй өмүрүн театрга арнаган өрнөктүү өмүрү эскерилди.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган. 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынган.