«Жамбаш сөөгүнө протез коюлду». Ырчы Кубик Калыковго операция жасалды (видео)

Ырчы Кубик Калыковго операция жасалды. Бул тууралуу ырчынын кызы Айпери Кубик кызы социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка караганда, операцияны №4 шаардык ооруканасынын директору Сабырбек Жумабеков жасаган жана бул экинчи операция.

«Атамдын операциясы ийгиликтүү болду. Жамбаш сөөгүнө протез коюлду. Сабырбек Жумабеков агайыбызга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Агай, колуңузга береке. Колуңуз эч дарт көрбөсүн. Мындай операцияны атама экинчи жолу жасап жатасыз… Февраль айында болчу операция, дал менин туулган күнүмдө болду. Бүгүн атам алгачкы кадамдарын таштап баштады»,— деп жазды ал.