Жамбыл Камчиевдин кызы: «Атамды сагынганда баш кийимин жыттайт элем»

“Атасынын ай кызы” берүүсүнүн бул жолку коноктору куудул Жамбыл Камчиев жана анын кызы Бегимай Камчиева. Алар ата мээрими, үй-бүлөдөгү жоготуулар, кусалык жана башка темада сүйлөп беришти.

«Кыз атасына жакын болот деген туура эле. Бул нормалдуу көрүнүш. Мисалы, мен жумуштан келип, биринчи кызымдын бала бакчасына барчумун, анан уулума барат элем. Кызды кичинесинен бапестейсиң», — деди ал.

Ал ошондой эле көп убактысы гастролдорго кеткенин айтып, балдарга жакшы тарбиясын бере албай калганын айтты. «1 ай гастролдоп кетсең, 2-3 күн эле үйдө болосуң. Эс аласың кайра кетесиң», — деди ал.

«Кыз бала атасынан мээрим ала албай калса, кийин ошол нерсени толтургуң келет экен. Мен атамды ушунча куса болуп сагынгам. Ошондо атамдын баш кийимин издеп таап, жыттайт элем. Ошону кучактап, уктап калчумун», — деди кызы.