Жамбыл Камчиевдин кызы: «Түшүмдө үйдөн кепин чыгып жатканда эле апамдын каза болорун билишим керек болчу экен»

“Атасынын ай кызы” берүүсүнүн бул жолку коноктору куудул Жамбыл Камчиев жана анын кызы Бегимай Камчиева. Алар ата мээрими, үй-бүлөдөгү жоготуулар, кусалык жана башка темаларда сүйлөп беришти.

«Апамдын көзү өткөнүнө 4-жылга кетти. Акыркы күндөрүндө телефон аркылуу байланышып турдум. Анын мага акыркы жолу «өзүңө бекем бол» деп айтканы эсимде. Апамдын каза болоруна чейин түш көргөм. Үйдөн кепин чыгып жатканын көргөндө, апам экенин билишим керек болчу. Мен коркуп эч кимге айтпай койгом. Ошол түштөн кийин 5-6 күндөн кийин апам каза болуп калды», — деди кызы.