Даниярдын ролунда Курал Чокоев… «Жамийла» мюзиклинин бет ачары өтөт

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Жамийла» повестинин негизинде даярдалган «Жамийла» аттуу мюзикл тартууланат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Мюзиклдин бет ачары 12-апрелде саат 18:30да Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Ал 17-апрелге чейин сахнада коюлат.

«Жамийла» мюзикли – бул оригиналдуу автордук музыка, поэзия, видео контент, көркөм жасалга, заманбап сценография, кыргыздын салттуу маданияты, тарыхый кийимдери, фольклору, хореографиялык, музыкалык жана вокалдык чыгармачылык айкалыштырган көркөм оюн.