Жаныш Кулмамбетов: «Элүүгө чыккан таланттарыбыз «эл артистин» мындай коёлу, «эмгек сиңиргенди» ала албай жүрүшөт»

«Элүүгө чыккан таланттарыбыз «эл артистин» мындай коёлу, «эмгек сиңиргенди» ала албай жүрүшөт». Мындай пикирди камтыган билдирүүнү театр таануучу, публицист Жаныш Кулмамбетов соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Жаңы жылдын алдында маданият менен искусствонун бир топ өкүлдөрүнүн мээнетинин акыбети кайтып, көп жылдык чыгармачылык эмгеги үчүн ардактуу наамдарды алышты. Бирок өкүнткөн жагдай — бул эчак эле сиңирген эмгегине, жаш курагына ылайык наам, сыйлык ала турган дагы кыйлаган таланттар, бул жолу да үмүтү саргарып кур калышканында.

Болбосо, ушул наам алгандардын катарында (мен өзүмө жакшы тааныш театр чөйрөсүнөн гана мисал келтирем) Кыргыз улуттук академиялык Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрынан 70тен өткөн Шайымбек Кыдырмаев, 70ке чукулдап калган Вера Сариева менен Садыр Ниязакунов, эл ортону элүүнү жакалап турушкан Нурлан Салидинов, Жеңиш Кангелдиев, буларга куйрук улаш келатышкан Жеңиш Сманов, Асхат Сулайманов, Камчы Сарыбаев, Арнис Кыдырмышев; Нарын театрынан 80ди көздөй секирик жасаган Кенжекул Мендебаиров (баса, былтыр Ардак грамота берип 5 жылга кезекке коюшту!), таланттуу обончу, ырчы, актер Адылбек Кыязов; Көл театрынан ашкере таланттар Шайыр Супатаева, 70ти желкелеп турушкан Калыйча Акматова менен Орунгүл Кожомкулова, элүү дабандан өткөн Света Абдыкадырова; Ош менен Жалал-Абаддан улуу муун болуп калышкан Солтобай Кулбаев менен Шайыр Мамбетова; ТЮЗдан «кыргыздын Ричард Гири» деген атка конгон, пайгамбар жашына келип калган Өмүрзак Токтомуратов, элүүгө чыкканда араңдан зорго Ардак грамота алган ошол эле Руслан Курманалиев; Орус драмдан жетимиштин тамагын ичип аткан Ольга Жигулёва, алтымышты такымдап калган Вера Анисимова, эр ортонунан өткөн Болот Тентимишев (азыр филармонияда) менен Сайра Эсенбаева, элүү ашууну басканда Ардак грамотага зорго илинген Владимир Кисляк; Чүйдөн жетимишти көздөй кадам ташташкан Ороз Айдаров, Таалай Касымалиев, кырктын кырынан өткөн Нургүл Мамутова жана башка аты аталбаган канчалаган татыктуу таланттар да болуш керек экенин биздин маданият менен искусство журтчулугу эң сонун билишет.

Маселенин экинчи жагы, булардын артынан дагы таланттуу кийинки муун өсүп жетилип келе жаткандыгында. Алар эртең эле ага-эжелери менен наам-сыйлыктарга атаандаш болуп чыга келишет. Бул табигый көрүнүш. Ансыз да, азыр улуу муундагылар менен орто муундагылардын ортосунда, наамдын айынан тымызын конфликт өкүм сүрүп турганы чындык.

Абалдын мына ушундай болуп калышы 2012-жылдан 2018-жылга чейинки негизсиз жана тыянаксыз мораторийдин кесепети. Ушул тапта, биздин эле маданият министрлиги бир отурумунда, 2012-жылга чейинкидей 60-70тен эмес, 400дөн ашык документтерди кароого аргасыз болот. Мораторий болбогондо, анча-мынча оош-кыйыш менен, ар бир муун өз энчисин өз убагында алып кетмек.
Мен эч кимге акыл үйрөткүм келбейт. Бирок, менимче, бул маселени бир ирээт тобокелге барып туруп, кезек күтүп саргарган, убактылары эчак эле келген таланттарга дүңүнөн ардактуу наамдарын ыйгарып койсо, андан ары баштагыдай табигый жолуна түшүп кете берет эле.
Дагы бир маанилүү жагдай. Кырктан өтүп, эмгеги сиңген таланттарга Ардак грамота эмес, наам ыйгарган оң. Грамота мотивация бериш үчүн, стимул болуш үчүн, биринчи кезекте, жаштарга жарашат. Советтик мезгилде Ардак грамотасыз эле отуздан өткөн таланттарга «эмгек сиңирген…», кыркка чукулдап калганда «эл артисти» деген наамдар байма-бай берилчү. Муратбек Рыскулов 49 жашында, Даркүл Күйүкова 46 жашында, Бакен Кыдыкеева 47 жашында СССРдин эл артисттери болушкан! А биздин элүүгө чыккан таланттарыбыз, «эл артистин» мындай коелу, «эмгек сиңиргенди» ала албай жүрүшөт», — деп жазылат.