Жарышып ырдаган эл, залды «жарган» ырчылар. Бишкекте рэп ырчысы Улукманапонун масштабдуу концерти өттү (видео)

14-февраль — Сүйүшкөндөр күнүнө карата Бишкекте популярдуу рэп ырчысы, «Расстояние», «Азиатская эстетика», «Ок, ок», «Летали» жана башка хит ырлардын автору Улукманапонун 5 миңге чукул күйөрманын чогулткан масштабдуу концерти болуп өттү.

Концерт баштан-аяк жандуу өтүп, күйөрмандар жарыша ырдап, бийлеп чер жазышты. Конок катары «хитмен» аткан конгон бир катар ырчылар: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков, Jax «02.14» тобу, Sam Cosmo, Freeman, Shiza жана башкалар келип ырдап, залды «жарышты». «Биз бул концертке бир нече жылдан бери даярданып келдик. Ар бир угарманыбызга рахмат, сиздер колдобосоңуздар мындай деңгээлге жетмек эмеспиз» деп Улукманапо ырларынын ортосунда күйөрмандарына кайрылып, ыраазычылыгын билдирип жатты.

Төмөндө концерт учурунан видеолор топтому.