«Жасалма билет сатылганбы?». Ташкентте Jah Khalib’дин концертинде тополоң болду

Ташкентте казак ырчысы Jah Khalib’дин концертине жасалма билеттерди саткан шылуундардын кесепетинен улам тыгылыш пайда болду.

Gazeta.uz билдиргендей, миңдеген адамдар концертке кире албай калышкан. «Натыйжада «Хумо Арена» стадионуна казакстандык рэпердин күйөрмандарынын нааразы болгон тобу чогулду. Кырдаал курчуп, ызы-чуу, тополоңго чейин жеткен», — деп айтылат маалыматта.

Өзбекстандын Улуттук гвардиясы кырдаалга комментарий берип, тополоң чыгаргандар дароо аренадан сырткары коопсуз жайга жеткирилгенин билдирди. Улуттук гвардия жарандар концертке 10 миңден ашык электрондук билет сатып алышканын билдирди. Билет сатуучу сайттын кызматкерлери атайын сканер аркылуу QR коддун жардамы менен  билеттерин текшеришкен.

«Ага карабастан бардык орундар ээленип калган. Миңден ашык жаран сыртта калып, кирүүнү каалашкан. Кире бериште электрондук билеттерди кайра-кайра көрсөтүү фактылары аныкталган», — деп айтылат билдирүүдө. Эч ким жабыркаган жок. Улуттук гвардия окуяны иликтеп, иликтөөнүн жыйынтыгын жакынкы аралыкта билдирет.