«Жашаса болот». Орусиялык ырчы Валерия телешоуго тартылуу учурунда «учуп түштү» (видео)

Орусиянын белгилүү ырчысы Валерия НТВ телеканалына шоу программага тартылып жатып сахнадан кулап түштү. Съёмка учурундагы кадрды ырчы айым социалдык баракчасына жарыялады.

«Биринчи жолу сахнада ушундай көрүнүш болуп жатат. Жаңы ТВ-программа тартып жатканбыз. Пол күңүрт түстө, жылтырак болчу. Тепкичтердин чети байкалбайт экен, бирөөсүн көрбөй калдым. Албетте, жагымдуу болгон жок. Тиземе жакшы эле тийди, бирок жашаса болот. Кийинкиде абайлап жүрөм», — деп жазган ырчы айым.