«Жашоомдогу эң бактылуу учур». Ырчы Азалия кош бойлуу экенин ачыктады

Ырчы Азалия кош бойлуу экенин ачыктады. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.

«Жашыруунун эми кажети жок. Өзгөчө сезимдерге курчалып жүрдүм. Бардык аялзатына таазим кылам. Жараткан жаңы адамды жарыкка алып келгенге мүмкүнчүлүк бергенине миң мертебе ыраазымын. Сиздер мендеги өзгөрүүнү байкап жүрдүңүздөр беле?» дейт ал.

Эске салсак, ырчы 2021-жылы Данияр аттуу мырзага Түркияда турмушка чыккан. Жубайлар соцтармак аркылуу танышкан.