Жаза өтүп жаткан актёр Михаил Ефремовду камсыздоо компаниясы сотко берди

Былтыр мас абалында унаа башкарып баратып бир адамды өлтүрө сүзүп, кармалган советтик жана орусиялык актёр Михаил Ефремовдун үстүнөн камсыздоо компаниясы арыз жазды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Каргашалуу кырсыкка чейин Ефремов «АльфаСтрахование» компаниясы менен келишим түзгөнү маалымдалган. Кырсыктан соң компания маркум айдоочу Сергей Захаровго келтирилген зыян катары 356 миң рубль, андан сырткары актёр сүзгөн унаага 400 миң рубль төлөп беришкен. Соттук териштирүүлөрдөн кийин артист күнөөлүү деп табылгандыктан, камсыздоо компаниясы Ефремовго жумшалган 700 миң рубль каражатты кайтарып берүүнү суранып, сотко арыз менен кайрылды.

2021-жылы 57 жаштагы актёр мас абалында унаа башкарып баратып каршылаш тилкеге чыгып, унаа сүзүп, анын кесепетинен Сергей Захаров аттуу айдоочу-экспедитор каза болгон. Сот Ефремовду күнөөлүү деп таап, 7 жарым жылга кескен.